Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

2023-жылдын 26-октябрында Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жыйындардын жүрүшүндө уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу маселелери каралып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылууда.