Кыргызстан Евробиримдик менен тышкы карыз маселесин талкуулады.

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссары Джутта Урпилайнен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.

Тараптардын жолугушуусу Евробиримдик-Борбордук Азия Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында бүгүн Люксембург шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа бирлигинин Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорун талкуулашты, ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, экология жана «жашыл» экономика чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

«Жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тышкы карызды алмаштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.