Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга келди

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Бишкекке жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Монголиянын Премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.