Депутаттык топ Улуу Британиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Депутаттык топ Улуу Британиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖК билдирди.

Такталгандай, Улуу Британияга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Гүлшаркан Култаева, Дастанбек Жумабеков, Эльвира Сурабалдиева, парламенттин Аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев барган.

Андан соң Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл, Жамааттар палатасынын депутаты Даниель Качински, Лорддор палатасынын мүчөсү баронесса Элисон Мэри Сутти менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды арттыруу менен эки тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү керектигин айткан Нурланбек Азыгалиев парламенттик монархиялык башкаруу формасына ээ Улуу Британия мамлекети бул багытта чоң тажрыйбага ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен демократиялык багытта чоң жетишкендиктерге ээ өлкө экенин белгилеп, байланыштарды өнүктүрүүгө тиешелүү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары жолугушууда депутаттардын этикалык кодексин иштеп чыгуудагы тажрыйбалар талкууланып, кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.