Монголиянын делегациясы «Кыргызалтындын» аффинаждоо заводуна барды

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

“Аффинаждоо заводу” филиалына болгон иш сапарынын алкагында Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырзага "Кыргызалтын "ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов чендик куймаларды чыгаруу, өндүрүү процесси жөнүндө жана баалуу металлдын эритмесинин техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге тараптар биргелешкен кызматташуу маселелерин жана эки өлкөнүн тоо-кен компанияларын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.