Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуучу делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы катышты.

Мамлекет башчысы меймандос кыргыз жергесинде бардыгы менен саламдашып жатып, Шанхай Кызматташтык Уюму эл аралык укуктун, биринчи кезекте БУУнун Уставынын үстөмдүгүн камсыздаган адилеттүү тынчтык тартибин калыптандыруу кызыкчылыгында жемиштүү кызматташуу үчүн ишенимдүү платформа катары иш алпарарын белгиледи.

"Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Бул өлкөлөр эл аралык уюмдун жаңы жүзүн калыптандыруу менен өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатканын айта кетүү мен үчүн жагымдуу нерсе. Ушул контекстте ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн позитивдүү ролун айткым келет, ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө компетенттүү органдардын кызматташтыгына зарыл көмөк көрсөтүүдө", - деп белгиледи Садыр Жапаров.