> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ШКУга мүчө мамлекеттери 14 документге кол койду
- URL: https://im.kg/biilik/2023/10/26/shkugha-mucho-mamliekiettieri-14-dokumientghie-kol-koidu/
- Published: 2023-10-26T09:40:36.000Z
- Updated: 2023-10-26T09:40:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тараптар төмөнкү документтерге кол койду:

1\. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;

2\. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчету тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;

3\. 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету тууралуу ӨБК чечими;

4\. Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;

5\. Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;

6\. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө Жобо тууралуу ӨБК чечими;

7\. ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;

8\. ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент ш., 2019-жылдын 2-ноябры);

9\. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;

10\. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;

11\. ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча ӨБК чечими;

12\. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

13\. ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);

14\. 2024-жылы ШКУла “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы