Садыр Жапаров Жалал-Абадда бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан Олимпиадалык резервдин облустук мектебинин капиталдык оңдоо иштеринин көрүп чыкты. Учурда объектини ачууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Андан ары Мамлекет башчысы облустук оорукананын үч кабаттуу, 100 орундуу жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Кошумча имаратта неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгаштырылат. Учурда объектинин 80% иштери аяктаган.

Андан соң Президент Сузак районундагы "Үмүт & Ко" компаниясынын сүттү кайра иштетүүчү заводуна барып, заводдун ишмердүүлүгү, продукцияларды чыгаруу боюнча алдыдагы пландары тууралуу маалымат алды.

Сүттү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын июнь айында иштей баштаган. Бүгүнкү күндө суткасына 80-100 тоннадай сүт кайра иштетилет. Ошону менен бирге заводдо сыр, быштак, каймак жана май өндүрүлөт.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай ишканалардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекет ушул сындуу заводдордун ачылышына жана алардын ишмердигине колдоо көрсөтүүнү улантаарын айтты.