Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтун жолугушуусу өттү

2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, бул ирет тараптардын жолугушуусу Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн (КР).

Тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын сыпаттоо маселелерин талкуулашкан.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.