Чек арачыларга эң заманбап учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылды

Өлкөнүн Чек ара кызматынын куралдануусуна эң заманбап "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын белгиледи.

Ал аскердик базада колдонулуучу заманбап, жогорку технологиялык учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн кызматты камсыз кылуучу техникалар жана жабдыктар мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болорун баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди.