Министрликтердин жетекчилеринин 14 орун басарларынын саны кыскартылды

Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин 14 орун басарларынын саны кыскартылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул чечимге ылайык 9 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 14 штаттык бирдиги кыскартылат.

Тагыраагы, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Санариптик өнүгүү министрлиги, Социалдык фонду.