Бишкектин жаңы мэри Гуанчжоунун делегациясы менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Гуанчжоунун эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордош шаар Гуанчжоу менен өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Шаарды жашылдандыруу багытында тажрыйба алмашууда көрктөндүрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Ван Яньши мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун мэрин Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.