Чүй облусунун ЖККББнын кызматкерлери үчүн жаңы имарат ачылды

Чүй облусунун ЖККББнын кызматкерлери үчүн жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Такталгандай, иш-чара учурунда ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов жаңы имартаттын ичи жана жаңы техникалары менен тааныштырып, азыркы учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барып жаткан баардык кызматкерлерге тийиштүү шарттар түзүлүп, жыл аягына чейин өлкөнүн баардык аймактарында “АвтоУраган” аппараттык комплекстери ишке кирет, деп баса белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев өз сөзүндө –имараттын ачылышы бүгүнкү милициянын майрам күнүнө туш келгендигин айтып, өздүк курамды куттукттап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болуусун каалады.