> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту
- URL: https://im.kg/biilik/2023/11/02/zheenbiek-kulubaiev-turkmonstandyn-priezidienti-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-11-02T04:03:48.000Z
- Updated: 2023-11-02T04:03:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.**

Тараптардын жолугушуусу "Борбордук Азия - Корея Республикасы" 16-форумуна катышуунун алкагында бүгүн Ашхабадда өткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.