Төрага Нурланбек Шакиев Талас облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламент.

Алгач төрага Арал айылына барып, Касымкул Нанаев атындагы орто мектептин ачылышына катышты.

450 орунга ылайыкташкан билим берүү жайынын курулушуна жана окууга керектүү жабдуулар менен камсыздоого жалпы 124 млн сомдой каражат жумшалган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Русланбек Жакышов, Гуля Кожокулова, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.