Өкмөт 2024-жылдан баштап аймактардын реформасын баштайт

Министрлер кабинети облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Аймактардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү министрлер кабинетинин башчы Акылбек Жапаровго пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты.

Айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.

Белгилей кетсек, жакын арада 2024-жылдын 1-апрелине чейин ААР пилоттук режимде ишке ашыруу боюнча Президенттин жарлыгы чыгуусу пландалууда.

Ошондой эле, 2024-жылдын 1-июнуна чейин «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.