Президент Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров КРнын Беларустагы жаңы дайындалган элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.