«Альянс» фракциясынын депутаттары Баткен менен Ошко барышты

8-ноябрдан тартып “Альянс” парламенттик фракциясынын депутаттары Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен болууда. Бул тууралуу парламент билдирди.

Депутаттар Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда, Ноокат районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдын 9-14-ноябрь күндөрү шайлоочулар менен аймактарда иш алып барат.