Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Президент Садыр Жапаров Парижге келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.