Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районуна иш сапары менен барды

Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районундагы социалдык объектилердин жана ички жолдордун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Алгач эл өкүлү Жумгал айыл аймагына караштуу Жумгал айылындагы 75 орундуу бала бакчанын, Түгөл-Сай айыл аймагына караштуу Түгөл-Сай айылындагы спорт залдын жана «Урууке» атындагы бала бакчасынын оӊдоп түзөө иштери менен таанышып, Таш-Дөбө айылындагы 225 орундуу мектептин, Байзак айыл аймагына караштуу Баш-Кууганды айылындагы 275 орундуу мектептин ашканасынын жана өтмө галериясынын, Миӊ-Куш айыл аймагына караштуу Өрнөк айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектептин 150 орундуу окуу корпусунун курулуш иштерин жеринде көрдү.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш депратаментинин өкүлүнө курулштарды тыкыр көзөмөлгө алууну талап кылды.

Алсак аталган социалдык обьектердин курулуш иштерине Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен республикалык бюджеттен керектүү каражат бөлүнүп берилген.

Ошондой эле Нурбек Сыдыгалиев Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Базар-Турук БДРдин курулушунун долбоорун көрдү. Муну менен катар Байзак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кече участогуна БСРдин курулушун жүргүзүүгө сунушталган жерди жана Түгөл-Сай айыл аймагынын караштуу Түгөл-Сай БСРинин жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып келди.

Иш сапардын алкагында депутат Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Жаӊы-Арык айылынын жолунун абалы, Жумгал айыл аймагына караштуу Чоӊ-Дөбө айылынын, Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылынын жолдорунун курулуштарынын сапаты жана элдин кайрылууларына ылайык, Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Эпкин-Баш-Кууганды участкасынын Куйручук айылындагы жолдун курулуштук долбооруна кошумча өзгөртүү киргизүүнү Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаевге табыштады.

Ошондой эле Нурбек Сыдыгалиев Миӊ-Куш айыл аймагына караштуу Кеӊ-Суу айылына электр жарыгын тартуу иштери менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровду жүргүзүлүп жаткан иштерди кыш айларына чейин бүтүрүүгө чакырды.

Иш сапардын аягында төраганын орун басары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун аймагындагы айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, мектеп окуучуларынын ЖРТга карата даярдыгын жетекчилерди көзөмөлгө алууну талап кылды.