Бишкекке Өзбекстан менен Тажикстандын парламенттик делегациялары келишти

Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева баштаган жана Тажикстандын Маджлиси оли Маджлиси милли төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти. Бул тууралуу "Манас" аэропорту билдирди.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясынын ишине катышуу үчүн келишкен.