Өзгөндүн мэри кармалды – ал маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелүүдө

УКМК тарабынан «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деген шек менен, Өзгөндүн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалды.

Мекеме билдиргендей, Өзгөн шаарынын мэри өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды.

“ Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкандыгы аныкталды”, - деп белгиледи мекеме.

2023-жылдын 13-ноябрында КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарынын мэри Д.Ч.М. кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү.

Учурда жогорудагы адамдар кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

Муну менен катар КР УКМК тарабынан кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.