> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашылды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/11/16/transport-zhana-kommunikatsiialar-ministrinin-orun-basarlary-almashyldy/
- Published: 2023-11-16T07:15:50.000Z
- Updated: 2023-11-16T07:15:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Тариэль Жаныбеков Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.**

Такталгандай, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Акылбек Жапаровдун дагы бир буйругу менен Бекжан Рысмендеев министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.

Министрдин жаңы орун басарларын жамаатка президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев жетекчилердин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/401645045_652483620393721_104880551135109882_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/401702109_652483530393730_1869677337805241606_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/401659650_652483827060367_6469486986409506223_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/401657358_652483413727075_6699122095389339749_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/401604013_652483533727063_5430145921422034120_n.jpg)