Каиндыда УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында, Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, мыйзам бузууларды жоюуда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.