Депутаттар Кытайдын Нинся-Хуэй автономдук районунун делегациясы менен жолугушту

2023-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайдын Нинся-Хуэй автономдук районунун Элдик саясий кеңешинин төрагасы Чень Юн баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык боюнча достук тобунун мүчөлөрү Карим Ханджеза, Эмиль Токтошев, ошондой эле “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, эл өкүлдөрү Гүлшаркан Култаева, Аида Исатбек кызы катышты.

Тараптар эки өлкө ортосунда соода-экономикалык, тагыраагы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм, билим берүү тармактары боюнча кызматташуу тууралуу сөз кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза Нинся-Хуэй автономдук районунун Элдик саясий кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көп жылдык карым-катыш үзүрлүү уланып, достук жана кызматташтык мамилелер динамикалуу өнүгүп келе жатканын белгиледи. Депутат Карим Ханджеза Кытайдын Нинся-Хуэй автономдук районунда көмүртектүү активдерди өндүрүү өтө жогорку деңгээлде экенин, ал өндүрүштү Кыргызстанда да өнүктүрүү үчүн кошуна өлкөнүн тажрыйбасын алуу зарылыдыгына токтолду.

Депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева Кыргызстан агрардык өлкө экенин белгилеп, кайра иштетүү тармагындагы кыргызстандык ишкерлерге Кытайга барып, тажрыйба алууга жол ачып берүү тууралуу айтышты.

Өз кезегинде  Нинся-Хуэй автономдук районунун Элдик саясий кеңешинин төрагасы Чень Юн ар тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар бул өңдүү жолугушуулар эки тараптуу мамилени чыңдоого түрткү берип, кызматташтыктын приоритеттүү багыттарын аныктоого көмөкчү болорун белгилешти.