JICA биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар агенттиктин ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров кыргыз тарап менен JICA ортосундагы түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү улантууда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселелерин кароону, ошондой эле позитивдүү мультипликативдик эффект бере турган транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну изилдөөсүн сунуштады.

JICA башчысы Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын жана уюм Кыргызстандагы экономиканы жана айыл чарбаны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана туризмди, экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлорго, ошондой эле Кыргызстандагы жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоого ниеттенип жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Акихико Танака артыкчылыктуу багыттарда кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.