Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз-казак жаштар форумуна катышты

2023-жылдын 17-ноябрында Бишкекте кыргыз-казак жаштар форумунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстан Парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев катышты.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, эзелтен эриш аркак жашаган эки элдин келечек ээлеринин башын бириктирген форумдун өтүшү жакшы саамалык экенин белгиледи

“Бирибиз Ала-Тоонун берки бетин, бирибиз аркы бетин мекендеген боордош калкпыз. Аталарыбыз асман тиреген бийик тоолорду, учу-кыйыры көрүнбөгөн талааларды турак кылып, көчмөн маданият менен катар түрдүү руханий баалуулуктарды адамзатка мураска калтырган. Тарыхыбызда таланты менен таанылган, эмгеги менен өзгөчөлөнгөн инсандар арбын чыккан. Буга Абай Кунанбаев, Чокон Валиханов, Чыңгыз Айтматов өңдүү кыргыз менен казакка бирдей белгилүү залкарлар анык мисал. Андыктан, эгиз элдин арасынан бабаларыбыздын жолун улаган улан-кыздарыбыз арбын чыгат деген ишеничтемин”, – деди.

Форумга Кыргызстандын жана Казакстандын коомдук ишмерлери, эксперттер, жаштардын жана студенттик уюмдардын өкүлдөрү катышууда.