> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады
- URL: https://im.kg/biilik/2023/11/21/sadyr-zhaparovdun-iaponiiagha-bolghon-rasmii-sapary-aiaktady/
- Published: 2023-11-21T11:10:27.000Z
- Updated: 2023-11-21T11:10:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

Жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Япония менен өнөктөштүктү бекемдөө, анын ичинде кадыр-барктуу финансылык институттарды тартуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров 20-ноябрда, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын "РОТОБО" бизнес-ассоциациясынын, JETRO - Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA - Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

21-ноябрда эртең менен Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.