Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Япония менен өнөктөштүктү бекемдөө, анын ичинде кадыр-барктуу финансылык институттарды тартуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров 20-ноябрда, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын "РОТОБО" бизнес-ассоциациясынын, JETRO - Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA - Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

21-ноябрда эртең менен Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.