Максатбек Саргазаков МКЖӨАБ мамагенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Максатбек Саргазаков Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, Саргазаков Бишкектин Свердлов районунун акими болуп эмгектенген.