Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров, 22-ноябрда, Минск шаарында Беларусь президент Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.