Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы карызын төлөөдөгү иштерге токтолду.

Жапаров тышкы карыздан четтеп кете албаарын, учурда карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди.

“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-ж. – 344 млн долл, 2024-ж. – 400 млн долл, 2025-ж. – 430 млн долл, 2026-ж. – 390 млн долл. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал.

Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянаарын кошумчалады.