Кыргызстан Түркия менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар уюмунун президенти Абдулла Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, Гүлнара Баатырова Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Биз диаспоралар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу жана кесиптик билим алуу боюнча активдүү иш алып барууда. Биз үчүн мекендештерибиз дагы престиждүү кесиптерге жумушка орношуу үчүн квалификациясын жогорулатып, кайра даярдоодон өтүшү маанилүү», - деди ал.

Министр жаштардын билим берүү программалары тууралуу маалымат алып, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында да кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Абдулл Эрен жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин айтып, Гүлнара Баатырова баштаган делегацияны Түркияга келип кетүүгө чакырды.