> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы
- URL: https://im.kg/biilik/2023/11/24/priezidient-azierbaizhangha-kieldi-dielieghatsiianyn-kuramy/
- Published: 2023-11-24T07:10:26.000Z
- Updated: 2023-11-24T07:10:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

· тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

· президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

· Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

· Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов;

· экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.