Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

·         тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

·         президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

·         Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

·         Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов;

·         экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.