Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.