> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат
- URL: https://im.kg/biilik/2023/11/29/sadyr-zhaparov-birikkien-arab-emirattaryna-ish-sapary-mienien-barat/
- Published: 2023-11-29T06:15:43.000Z
- Updated: 2023-11-29T06:15:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.**

Такталгандай, БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.

> “1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт", - деп белгиледи Азымбакиев.