Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, расмий делегациясынын курамындагылар:

• тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

• президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

• Кыргызстандын БАЭдагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

• жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

• энергетика министри Таалайбек Ибраев;

• финансы министри Алмаз Бакетаев;

• экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

• Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.