Садыр Жапаров БАЭ энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргызстанда ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлорду дыкат макулдашып, аныктап алуу жакшы болоруна токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын энергетикалык потенциалы чоң экенин, бирок бүгүнкү күндө суу-энергетикалык потенциалдын колдонуу пайызы 13% гана экенин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Президент жашыл технологияларды кеңири колдонуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Соңунда энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи анын өлкөсү Кыргызстан менен кеңири чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун белгиледи.