> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24.01 чакырымын макулдашылды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/12/05/kyrghyz-tazhik-mamliekiettik-chiek-arasynyn-24-01-chakyrymyn-makuldashyldy/
- Published: 2023-12-05T10:00:21.000Z
- Updated: 2023-12-05T10:00:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында КР менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

 Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24.01 чакырымын макулдашты.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.