Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24.01 чакырымын макулдашылды

2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында КР менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

 Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24.01 чакырымын макулдашты.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.