Бишкектин Ленин районунун акими "Ош Базары"соода комплексинин ишкерлери менен жолугушту

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакеев, акимдин биринчи орун басары Бакыт Караев жана МСКБнын Ленин району боюнча башчысы Ален Турдумбетов ККМ аппараттарын милдеттүү түрдө колдонууга каршы чыккан жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Район башчысы "Ош Базары" СБКнын ишкерлеринин сунуштарын угуп, ошондой эле контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, соодагерлер мамлекеттин салык саясатынын жаңы шарттарына каршы чыгып, алар үчүн мурдагы патенттик системаны калтырууну талап кылышууда.