Акылбек Жапаров Москвага барып келди

2023-жылдын 6-декабрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москвага бир күндүк жумушчу сапары болду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров ошондой эле «Россия Сбербанкы» ААК башкармалыгынын төрагасы Герман Греф менен жолугушуп, анда банк, каржы жана санариптик чөйрөлөрдө биргелешкен иштердин келечектүү багыттары талкууланды.