Маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелген ИИМ менен Бажынын бир нече кызматкери кызматынан бошотулду – УКМК

Камчы Асанбек (Көлбаев) жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылды. Алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, КР Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.