«Дордойдо» кармалган төрт салыкчы иштен бошотулду

«Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын төрт кызматкери ишенимин жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка кызматтын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан алынышына УКМК тарабынан өткөн жылдардагы "Дордой" базарындагы коррупциялык схема боюнча алардын айыпталып кармалышы негиз болду. Белгилей кетсек, кармалган беш кызматкердин бирөөсү 2023-жылдын январь айында иштен бошотулган.

Ошондой эле, учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын белгилей кетүү керек.

Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында "Дордой" базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу, коррупциянын булактарын аныктоо жана анын жайылышына өбөлгө болгон факторлорду нейтралдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу чараларды көрүүдө.

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери Салык кызматынын коллегияларынын, аппараттык кеңешмелеринин жана жумушчу жолугушууларынын күн тартибине киргизилип, коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү үчүн системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп турат.