> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмоктун бюджетине 10.3 млн сом каржы бузууларды аныктады
- URL: https://im.kg/biilik/2023/12/13/tokmoktun-biudzhietinie-10-3-mln-som-karzhy-buzuulardy-anyktady/
- Published: 2023-12-13T10:09:26.000Z
- Updated: 2023-12-13T10:09:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Эсептөө палатасынын 2022-жылга карата Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит өткөрүлгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирди.**

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын бюджетинде – 10 млн 326,6 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

• каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 9.9 млн сом, анын ичинде:

• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 2.6 млн сом;

• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 645.9 миң сом;

• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 6 652,2 миң сом;

• бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 263,4 миң сом, анын ичинде:

• салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 87,2 миң сом;

• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 176,2 миң сом.

• Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 144,2 миң сом.

• Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -1 870,6 миң сом, анын ичинде:

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 493,7 миң сом;

• бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 376,9 миң сом;

• Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2,4 миң сом, анын ичинде:

• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 2,4 миң сом.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 240 миң сом.