Токмоктун бюджетине 10.3 млн сом каржы бузууларды аныктады

Эсептөө палатасынын 2022-жылга карата Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит өткөрүлгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын бюджетинде – 10 млн  326,6 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

•       каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 9.9 млн сом, анын ичинде:

•    эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 2.6 млн сом;

•    курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 645.9 миң сом;

•   эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 6 652,2 миң сом;

•       бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 263,4 миң сом, анын ичинде:

•   салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 87,2 миң сом;

•   бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 176,2 миң сом.

•       Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 144,2 миң сом.

•       Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -1 870,6 миң сом, анын ичинде:

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 493,7 миң сом;

• бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 376,9 миң сом;

•       Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2,4 миң сом, анын ичинде:

• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 2,4 миң сом.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 240 миң сом.