Беларустун монополия кызматына кыргызстандык продукциялары тууралуу маалымат берилди

2023-жылдын 14-декабрында КРнын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри Алексей Богданов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Тараптар акыркы жылдарда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн, ошондой эле экспорттук-импорттук операциялардын товардык ассортиментин өз ара пайдалуу негизде кеңейтүүнү жана эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын өнүктүрүүнү канааттануу менен белгилешти.

 Жолугушууда Элчи Э.Султанбаев Кыргызстандын жашылча-жемиштерин, текстиль жана алкоголдук продукцияларын Беларустун рыногуна, анын ичинде ири соода түйүндөрүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ушуга байланыштуу Элчи беларус тарапка кыргызстандык продукциялар тууралуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөр тууралуу маалыматтарын берди. 

Тараптар эки тараптуу байланыштарды түзүүдө жана өз ара жеткирүүлөрдү уюштурууда өндүрүүчүлөргө жана жеткирүүчүлөргө көмөк көрсөтүүнү макулдашышты.