Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47.05 чакырымы макулдашылды

2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47.05 чакырымы боюнча макулдашышты.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.