Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат. 

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында КРнын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылаары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Россия 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт.

КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында өкмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.